АВТОДРОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОДРОМ (авто… жана гр. dromos ‒ гимнастикалык, ат ойнотуучу аянт, чуркоочу жай), а в т о м о б и л ь п о л и г о н у ‒ автомобиль спорту боюнча мелдеш өткөрүүчү жана автомобиль сыноочу аянт. Узундугу 3‒10 км, туурасы 10‒18 м. Автодромдор 20-кылымдын башынан курула баштаган, анын курулуш комплексине трибуна, фигуралык айдоо боюнча мелдеш өткөрүүчү аянтча, автомобилдерди техникалык жактан тейлөөчү имарат ж. б. кирет.