АВТОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(авто ж-а генез) ‒ орг. дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эвол. окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмоге нез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. ж-дөгү окуулары А-дик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эвол. паралеллизм ж-а конвергенция кубулуштары м-н түшүндүрөт.