АВТОГАМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 11 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АВТОГ АМИЯ to АВТОГАМИЯ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОГАМИЯ (автожана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак ж. б., көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мис., диатом балырлары, айрым амёбаларда).Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.