АВТАРКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 11 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТАРКИ́Я (грек autarkeia ‒ өзүнө жетиштүүлүк, өзүн камсыздандыруу, өзүн-өзү каржылоочулук) ‒ мамлекеттердин чарбалык обочолонуу саясаты; өзүн-өзү камсыздандыруу экономикасын түзүү. Кубаттуу өлкөлөр көп учурда обочолонгон «чарбалык мейкиндик» түзүү деген шылтоо менен башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу максатында Автаркияны пайдаланышат. Автаркия фашизмдин расмий докторинасы болгон.