АВСТРАЛИЯ ЧОӉ БУЛУӉУ
АВСТРАЛИЯ ЧОҢ БУЛУҢУ Инди океанында, Австралия менен Тасмания аралдарынын түштүк жээгинде. Аянты 1335 миӊ км2. Тереӊдиги 5670 мге чейин. Чыгыш бөлүгүндө Спенсер жана Сент-Винсент булуӊдары кургактыкка тереӊ кирип турат. Ири аралы ‒ Кенгуру. Деӊиз ташкыны (бийикт. 3,6 мге чейин) болот. Ири порту ‒ Аделаида.