АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ Австралиянын жерг. элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен). Типологиялык жактан А. т. мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү ж-а суффиксте шүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли ж. а-дарында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, о. эле Арнемленддин түштүк-батышына ж-а Кейп-Йорк ж. а-на тараган. Анын жазмасы жок. А. т-нин тектештиги далилденбеген. А. т-н изилдөө негизинен 20-к-дан башталган.