АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:29, 10 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-кылымда Англия, Испания жана Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси жана америка вермонттору менен аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты боюнча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

Файл:АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.