АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 16 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-к-да Англия, Испания ж-а Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар фран

ция рамбульеси ж-а америка вермонттору м-н аргындаштырылып , дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты б-ча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

Файл:АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.