АВРОРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВРОРА (лат. Aurora) – байыркы рим мифологиясындагы Кудайларга жана адамдарга жарык тартуулоочу таңзаарынын Кудайы.

Файл:АВРОРА86.png

Ал байыркы грек мифологиясындагы Эос кудайына ылайык келет. Антикалык искусстводо Эос-Аврора сүрөтү сейрек учурайт. Алар көбүнесе вазаларда тартылган сүрөттөрдө кездешет. Аврора жаркыраган аттарга чегилген арабада океандан асманга көтөрүлгөн жаш, канаттуу аял катары, ошондой эле канаттуу Кудай эне түрүндө ар түрдүү эпизоддордо: Кефалды тейлеген учуру, Мемнонду жоктоп ыйлаганы чагылдырылган. Мындай вазалар Луврда (Париж), Римде ж. б. жерлерде сакталууда.