АВОГАДРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВОГАДРО Амедео (9.8.1776, Турин – 9.7.1856, ошол эле жерде) – итал. физик жана химик. Алгач юрид. билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Турин ИАнын корр. мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору. 1806–19-ж. Турин ун-тинин лицейинде физика мугалими, 1820–22- жана 1834–50-ж. проф. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-хим. теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук ж. б.) арналган. 1811-ж. заттардын түзүлүшү ж-дөгү мол. божомолду, атом жана мол. массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (Авогадро закону), 1 моль идеалдык газдын мол. саны, универсалдуу турактуулук А-нун аты менен аталган (Авогадро саны). А. 4 томдук физ.-химиянын элементтерин камтыган мол. физика китебинин автору.

Файл:АВОГАДРО85.png
Аврелий Марктын колодон жасалган атчан статуясы.