АВЛЕТИМ суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВЛЕТИМ – Аксы р-нундагы суу, Кара-Суунун (Нарындын алабы) оң куймасы. Уз. 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку жана ортонку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү – 20 м3/сек, эң азы – 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыш. орун алган.