АВЛЕТИМ ЧОКУСУ
АВЛЕТИМ ЧОКУСУ Чаткал кырка тоосунун эң бийик жери. Авлетим суусунун башатынан орун алган. Бийиктиги 4503 м. Чоку негизинен жылаңач, түндүк капталында гана чакан мөңгү жатат. Too этектеринде неогендин жана антропогендин чөкмөлөрү топтолгон.