АВИЗО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 9 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИЗО (итал. aviso) – эсеп операциясынын аткарылгандыгы тууралуу банктын расмий билдирүүсү. Авизо айрыкча банктар өз ара эсептешүүдө көп колдонулат. Анын негизги реквизиттери: номери, операция катталган дата, мүнөзү, суммасы, төлөөчүнүн же кепилдин аталышы. Авизо кардарларга алардын эсептери боюнча дебеттик каттоо, аккредитивдерди ачуу, чектерди жана которулма векселдерди коюу, акча которуу, алардын эсебиндеги акча калдыктары жана башка операциялар жөнүндө кабарлоо үчүн колдонулат.