АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ – спорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета ж. б.) конструкциялоо жана даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын жана жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу б-ча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-ж. Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы 1923-ж. негизделген. Бул спорт б-ча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио менен башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.