АВЕРСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 9 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВЕРСИЯ (лат. aversio - жерүү, эң жаман көрүү), ж ы н ы с т ы к – жыныстык катнашууну жек көрүүдөн же көңүл калуудан келип чыккан түгөйлөр ортосундагы мамилелердин бузулушу (сейрек учурайт). Аялда жыныстык запкыдан (зордуктоо, күйөөсүнөн көңүлү калышы) улам анын психикасына доо кеткенде пайда болот. Аверсия ар кандай даражага, мисалы, ынакташуу учурунда чыккан кенедей ызалануудан тартып, ынагын таптакыр көргүсү келбөө абалына чейин жетиши мүмкүн. Эркектерде Аверсия кээде сексуалдык өзгөрүүнүн белгиси болушу мүмкүн. Аверсиядан толук айыгат, аны дарылоодо психотерапевдик ыкмалар колдонулат.