АВДИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm (Created page with " (евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин автору. Болжол м-н б. з. ч. 6–5-к-да жашап өткөн. А. китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак ж-а майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айбын ачуу ж-а анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү ж-а бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. А. Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин ж-а ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. А. мындай деп белгилеп кеткен: эл дердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. А-ди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.