АВАРИЯЛЫК КАБАРЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 15 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАРИЯЛЫК – тоо-кен ишканаларында, шахталарда ж. б. жайларда иш убактысында кокустукка каршы алдын ала чара көрүү, аны болтурбоо, башкача айтканда иш үстүндөгү жумушчуларды тез аранын ичинде коопсуз жерге алып чыгуу аракети. Авариялык кабарлоодо атайын байланыш аппараттары ИГАС-3, ГИС-1 колдонулат. Авариялык кабарлоо жарык энергиясы, байланыш түйүндөрү жана үн сигналдары аркылуу ишке ашырылат.