АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 31 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ (фр. – жорук-жосун) – чыгармадагы каармандардын күтүлбөгөндөй таң каларлык жорук-жосундарын, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаалдарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдануудан келип чыккан сюжеттер, уламыштык мотивдер кеңири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кандай мамлекеттерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу менен кабыл алынып келүүдө.