АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:25, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНТЮРАЛЫК АДАБИЯТ (фр. – жорук-жосун) – чыгармадагы каармандардын күтүлбөгөндөй таң каларлык жорук-жосундары, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаалдарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдануудан келип чыккан сюжеттер, уламыштык мотивдер кеңири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кандай мамлекеттерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу менен кабыл алынып келүүдө.