АБЫТОВ Байболот Капарович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЫТОВ Байболот Капарович [4. 5. 1962-жылы туулган, Ош облусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Чалма айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2002), профессор(2010). Казандагы В.И. Ульянов-Ленин атындагы мамлекеттик университеттин тарых факультетин (1988). КМУУнун аспирантурасын (1993) бүтүргөн. 1988–90-жылдары Ош педагогикалык институтунда окутуучу, 1994–2014-жылдары ОшМуда улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор, 2014-жылдан проректор. Эмгектери Кыргызстан тарыхынын булак таануусун, кыргыздардын тарыхый инсандарын ж. б. изилдөөгө арналган. 250дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, 7 китеп) автору. Илимий эмгектери кыргыз, орус, англис, кытай, поляк, тажик, түркмөн тилдеринде да жарык көргөн.