АБШЫР-САЙ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:24, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Жаңы-Арык кыш-нан 1,5 км түн. тарапта, деңиз деңг. 1790-1970 м бийиктикте. 1954-58-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Гипс бор мезгилинде пайда болгон чопо, аки таш, кум тектеринин арасында жатат. Гипс катмарынын калыңдыгы 50 мге жетет. Катмардагы гипс 98,81%, 1-сорттогу курулуш гипсин алууга жарактуу. Гипс кыртышты гипстентүүгө ж-а цемент даярдоого пайдаланылса болот. Гипстин запасы Сг категориясы б-ча 1320 миң т, С2 26400 миң т.