АБХАЗ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:19, 28 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБХАЗ ТИЛИ - абхаз элинин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин абхаз-адыгей тобуна кирет. Эки диалектиге (абжуй, бзыбь) бөлүнөт. Адабий тили абжуй диалектисинин негизинде калыптанган. 1862-жылы П. К. Услар орус графикасынын негизинде туңгуч абхаз алфавитин иштеп чыккан жана Абхаз тилинин адабий формасы ошол мезгилден тартып калыптана баштаган. Латын графикасынын негизинде 1928-жылы жазмасы иштелип чыккан, 1938-жылы ал грузин графикасына, ал эми 1954-жылы орус графикасына которулган.