АБУ ШАДИ АХМЕД ЗАКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 16 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУ ШАДИ АХМЕД ЗАКИ (1892–1955) – араб (Египет) жазуучусу, филолог, котормочу, врач-бактериолог. Лондон университетинде окуган (1912–22). 1936-ж. Каирде «Аполло» аттуу адабий ийрим жана журнал уюштурган. Александрияда «Адаби» (1939) журналын чыгарган. 1946-ж. АКШга келип Нью-Йоркто түрдүү кызматтарда иштеген. Азия институтунда араб адабиятынын профессору болгон. Анын «Таңкы шүүдүрүм» (1910), «Жазгы көрүнүштөр» (1933), «Туткундагы Ибн Зейдун» (1925) ж. б. лирикалык ыр жыйнактары, тарыхый повесттери жана араб поэтикасы жөнүндө эмгеги бар. Абу Шади Чыгыштын жана Батыш Европа акындарынын, Хафиз, Омар Хайям, У. Шекспирдин чыгармаларын которгон.