АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 26 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы дагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-к.) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон.

Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897.