АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 2 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термодинамикалык тең салмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-жылы У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абсолюттук нөл температурадан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) боюнча аныкталуучу температура менен T=t-1-273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.