АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 27 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термодинамикалык тең салмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-жылы У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абсолюттук нөл температурадан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) боюнча аныкталуучу температура менен T=t-1-273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.