АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термод. тең салмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-ж. У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абс. нөл темп-радан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) б-ча аныкталуучу темп-ра менен T=t-1-273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.