АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР абразивдер – металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти ж. б. материалдарды механикалык иштетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо ж.б.) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит ж.б.), жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма Абразивдүү материалдардан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.