АБОРИГЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 11 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБОРИГЕНДЕР (лат. Aborigines - байыркы) – жергиликтүү эл. Байыркы Римде Лационун калкы аборигендер деп аталган. Учурда негизинен австралиялык аборигендер аталышат. Аборигендер терминине «автохтондор» термини жакын түшүнүктө болуп, жергиликтүү калк дегенди түшүндүрөт. Аборигендер көбүнчө өлкөнүн, белгилүү бир аймактын байыркы калкы катары өз ара уруу-тайпалык, тууган-туушкандык жана коомдук-тарыхый, экономикалык карым-катнашта болушкан, к. Австралиялыктар.