АБЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 26 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЛЯЦИЯ (соңку лат. ablatio – алып коюу) гляциологияда – мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн ж. б.) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички жана үстүнкү Абляция болуп бөлүнөт. Түпкү Абляция – жердин ички жылуулугунан жана муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички Абляция муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн жана суу менен абанын муз арасынан өтүшүнөн, үстүнкү Абляция - күн радиациясы менен абанын жылуулугунан пайда болот.