АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:08, 26 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деңиз менен океандын 3 кмден төмөнкү тереңдигинде топтолуучу суу астындагы чөкмөлөр. Алар дүйнөлүк океандын түбүнүн 85%ке жакын аянтын ээлеп жатат. Абиссаль чөкмөлөрү планктон организмдеринин скелет калдыктарынан, шамал учуруп жана деңиз агымдары менен келген минералдык майда заттардан, суу алдындагы тоо тектердин талкаланышынан пайда болгон бүртүкчөлөрдөн, тереңдиктеги химиялык чөгүндүлөрдөн жана жанар тоо бүркүндүлөрү менен космос чаңдарынан турат. Чөгүү процесси өтө жай жүргөндүктөн, 100 жылда орто эсеп менен 0,5–2 мм гана калыңдыктагы чөкмө пайда болот. Курамы 20–98% органикалык калдыктардан турган аки таштуу жана кремнийлүү тунма ылайлардан түзүлсө – органогендик, ал эми скелеттер өтө аз кездешип, негизинен кызыл чоподон турса полигендик деп аталат. Кызыл чоподо темир марганец конкрециялары кездешет, к. Деңиз чөкмөлөру.

Ад.: Лисицын А.П. Процессы океанской седи ментации: Литология и геохимия. М., 1978. Кеннет Дж. П. Морская геология: В 2 т. М., 1987.