АБИДОВ Абдыкадыр Омарович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 2 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБИДОВ Абдыкадыр Омарович (1965-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну Төлөйкен кыш. ) – техника илимдеринин доктору (2003). 1990-ж. ФПИни бүткөн. Эмгек жолун Ош технология университетинде окутуучу болуп баштаган. КР УИАнын машина куруу институтунда инженер, кенже илимий, улук илимий, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. КРдин инженердик академиясында башкы окумуштуу, Ош технология университетинде институттун директору, кафедра башчысы, ректор. А. 60 ил. эмгектин, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби, 3 патенттин ээси.