АБДЫМАЛИКОВ Кыдыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Кыдыр (1938-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы) - экономист, экономика илимд. доктору (1990), проф. (1992). КАЧИни (1965), Кыргыз ССРинин ИАнын ЭИ аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРдин Айыл чарба министрлигинде зоотехник, Башкы башкармасынын начальниги, КРдин УИАнын ЭИде ил. кызматкер, жайыттар ж-а тоюттандыруу б-ча Кыргыз ИИИде бөлүм башчы, Кыргыз МИИИде бөлүм башчы, Кыргыз айыл чарба ун-тинде кафедра башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атн. КТУда кафедра башчысы. Агрардык экономика (мал чарбачылык) б-ча адис. ИОдон ашуун ил. иштери жарык көргөн. Негизги эмгектери Кыргыз Респ-касында рынок мамилелерин ж-а өндүрүштү калыптандырууга, респ-дагы экон. реформаны турукташтыруу масел елерине ж-а анын макроэкон. көрсөткүчтөрүнө арналган.

Эмг.: Концепция формирования рыночных отношений и производства Республики Кыргызстан. Б., 1993.