АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:10, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Рыспек Алдагандаевич (1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Каракол кыш.) – онколог, медицина илимд. доктору (1986), проф. КММИни бүтүргөн (1973). СССР МИАнын онкология ил. борборунда аспирант (1978), ошол борбордо кенже, улук ил. кызматкер. 1981-жылдан Кыргыз онкология ж-а радиология ИИИде бөлүм башчы, директордун орун басары, 2000-ж. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин онкология ил. борборунун ген. директору. 130дан ашык ил. эмгектин автору.