АБДУЛАЕВ Курманкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУЛАЕВ Курманкул (1918, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Бөрү-Баш кыштагы) - механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).1931-жылдан Түп районундагы «Маяк» совхозунун жумушчусу, 1937-жылдан комбайнчы. Ал жыл сайын өндүрүштө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, түшүм жыйноодо зор ийгиликтерге жетишкен. 1956-жылы 520 га аянттагы эгинди чаап, 11565 ц дан бастырган. 1959-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АБДУЛАЕВ32.png