АБДУКАРИМОВ Абдумавлян

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУКАРИМОВ Абдумавлян (1922, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жар-Кыштак кыштагы) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун 1933-жылы Сузак районундагы «Октябрь» колхозунда баштаган. 1942-жылдан МТСтин тракторчусу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1954-57-жылдары пахта өстүрүү жанa аны мамлекетке сатуу боюнча социалисттик мелдеште чоң ийгиликтерге жетишкен. Ал тейлеген бригада ар га жердеги пахтанын орточо түшүмүн 40 цге жеткирген. Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АБДУКАРИМОВ 130.png