АБДРАКМАТОВ Канат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 24 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАКМАТОВ Канат Ермекович (28. 12.1953-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Кажы-Сай кыштагы) - геолог, геология-минерологиялык илимдердин доктору (1996). ФПИни бүткөн (1976). Батыш Казак суу чарба долбоорлоо институтунда (Урал шаары) улук инженер (1976–79), Кыргыз ССР ИАнын Сейсмология институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1979–88), лаборатория башчысы (1988–2005-ж.). 2005-жылдан УИАда Сейсмология ин-тунун директору, 2022-жылдан КР улуттук илимдер Академиясынын президенти. Илимий ишинин негизги багыты плейстоцен-голоцен мезгилинин тектоникалык кыймылы, активдүү жаракалар жана палеосейсмологиялык бузулуштар, жер кабыгынын азыркы кыймылы. 106 ил. эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору.