АБДРАИМОВ Эмиль Самудинович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Эмиль Самудинович (1970-жылы туулган, Фрунзе шаары) – техника илимдеринин доктору (2015). 1991-жылы Алма-Ата жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан КР УИАнын машина куруу институтунда инженер, лаборатория башчысы, КРдин Инженердик-академиясында инженер, эксперименталдык-тажырыйба базасында илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, базанын башчысы. С. Абдраимов атындагы Машина куруу илимий-изилдөө борборунун директору. Абдраимов 75 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп чыгаруу патентинин автору. В. И Блининков атындагы Алтын медал, ж. б. медалдар менен сыйланган.