АБДРАИМОВ Ишенбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 24 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Ишенбай (15.3.1914, Чүй облусу, Аламүдүн району, Босбөлтөк айылы - 20.3.2000, Бишкек шаары) - инженер, Кыргызстандагы өзүнчө авиазвенонун 1-командири, СССРдин 1-эмгек сиңирген инженер-учкучу (№000001). Ленинграддагы Граждандык авиация академиясын бүткөн (1972), Кыргызстанда 3 учкучтан авиабөлүкчө, андан кийин ири граждандык авиация башкармалыгын уюштурган (1934-95), Кыргыз граждандык авиациясынын 1-начальниги (1955-75). У-2, СБ, ТБ-3, Як-12, Ан-2, Ли-2, Ил-14, Ил-18 ж. б. самолёт, вертолётторду өз алдынча өздөштүрүп, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 155 жолу согуштук тапшырма менен учкан. ИКАУнун (Канаданын эл аралык авиакомпаниясы) эл аралык алтын медалы, 8 орден, 17 аскердик күжүрмөн медалдар менен сыйланган. Үч китептин («Под небом Ала-Too», «Полеты продолжаются», «В небе Киргизии») автору.