АБДРАИМОВ Апсамат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Апсамат (1929-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Сарыпар кыш.) – пахтачы, Соц. Эмг. Баатыры (1966). 1947-жылдан Ош обл-нун

Файл:АБДРАИМОВ 119.png

Кара-Суу р-нундагы Киров атн. колхоздун пахтачылык звеносунун башчысы. 1961жылдан пахта өстүрүүчү механикалаштырылган комплекстүү бригаданын бригадири. Ал башкарган бригада 1964-ж. 110 га жердеги пахтанын ар гектарынан 34,5 цден, 1965-ж. 33,1 цден пахта жыйнап алган. 1963–67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1966– 70-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.