АБДРАЕВ Кутубай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАЕВ Кутубай (1932, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Жар кыштагы --2014, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978). Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устаты (1982). Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунда баш чабан. Малдын кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1972-жылы ар жүз тубар койдон 148ден козу, 5 кгдан жүн алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин ордени,Октябрь Революциясы, Монгол Эл Республикасынын «Алтын годос одон» ордендери менен сыйланган.

Файл:АБДРАЕВ 117.png