АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ, т е р м о д и н а м и к а л ы к п а р а м е т р л е р – термодинамикалык системанын абалын мүнөздөөчү физикалык чондуктар. Аларга температуpa, басым, көлөм, магниттелишкен электр поляризациясы жана башкалар кирет. Абал параметрлери экстенсивдүү жанa интенсивдүү болуп эки түргө бөлүнөт. Экстенсивдүү абал параметрлери көлөм, ички энергия, энтропия, энтальпия жана башкалар системанын массасына пропорциялаш. Интенсивдүү абал параметрлери системанын массасына көз каранды эмес, аларга басым, температура, концентраттык, магниттик индукция жана башкалар кирет. Тең салмактуу системанын абалын саналуу гана аба параметрлери менен белгилөөгө болот.