АБАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 17 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАЙЫ – кооздоп саймаланган, жибек тыштуу ат жабуу. Жибектен тигилип, чети асемделип, кыргагына чачы тагылып, баркыт же манат менен көбөөлөнгөн. Абайы кыргыз көчүндө кыз-келиндердин минген атына жабылган, ошондой эле кыздын себине же тартуу катары да берилген. Бүгүнкү күндө улуттук майрамдарда колдонулат.