АБАЗИН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Батма тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАЗИН ТИЛИ – Кавказ (иберий-кавказ) тилдеринин түндүк-батыш (абхаз-адигэ) тобуна кирет. Негизинен ал тилде сүйлөгөндөр (абазиндер) Карачай-Черкес Республикасынын аймагында жашашат. Абазин тили тапант жанa ашхар диалектисине бөлүнөт. Абазин адабий тилинин негизин тапант диалектиси түзөт. Жазмасы 1932-33-жылдарда латын, 1938-жылы орус графикасына которулган.