АБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАД абат, ават – калк жашоого ылайыкташтырылган жай. Өз алдынча колдонулбайт, көбүнчө географиялык аттардын 2-компонентин түзөт. Мааниси боюнча иштетилген, жакшыртылган, турак-жайлар курулуп калган, суу чыгарылган жайлар дегенди билдирет. Түштүк Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Афганстанда шаарлардын, калктуу пункттардын энчилүү аттарын туюндурат: Жалал-Абад (Жалал-Абат), Бек-Абад жана башкалар.