АБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 17 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАД абат, ават – калк жашоого ылайыкташтырылган жай. Өз алдынча колдонулбайт, көбүнчө географиялык аттардын 2-компонентин түзөт. Мааниси боюнча иштетилген, жакшыртылган, турак-жайлар курулуп калган, суу чыгарылган жайлар дегенди билдирет. Түштүк Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Афганстанда шаарлардын, калктуу пункттардын энчилүү аттарын туюндурат: Жалал-Абад (Жалал-Абат), Бек-Абад ж. б.