АБА ЫРАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА ЫРАЙЫ – атмосферанын белгилүү бир убактагы (сутка, ай, жыл ичиндеги) же аймактагы абалы. Аба ырайы атмосферадагы абанын температурасы, нымдуулугу, басымдын өзгөрүшү, туман, жаан-чачын, шамал ж. б. метеорологиялык кубулуштардын жыйынтыгы боюнча аныкталат. Аба ырайынын көп жылдык режими климат деп аталат. Анын өзгөрүшү күн энергиясы менен жер бетинин өз ара тийгизген таасиринен пайда болуучу физикалык процесстерге, атмосферанын циркуляциясына ж. б. факторлорго көз каранды. Жер-жерлердеги станциялардан жанa космостук приборлордон белгилүү бир борборго келип түшкөн метеорологиялык элементтер боюнча синоптикалык карталар түзүлүп, аба ырайы маалыматталып турат. Аба ырайы жер бетиндеги жаныбарлардын тиричилигине, адамдардын өмүрүнө тике таасир тийгизет. Айыл чарба, авиация, транспорт ж. б. үчүн анын мааниси чоң.