АБА МУЗДАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА МУЗДАТКЫЧЫ– өнөр жайларда, үй-тиричилигинде абаны муздатуучу, темп-ра алмаштыруучу аппарат. Абаны муздатуунун негизги үч системасы бар: 1) түздөн-түз муздатуу – муз датуучу агент (аммиак, фреон) муздаткыч камераларынын капталдарында орнотулган батареялар аркылуу акканда, ал камерадагы аба нын жылуулугун өзүнө тартып алат; 2) туздардын эритмелери м-н муздатуу - эритмелерди же сууну форсунка м-н чачыратканда аба муздайт; 3) айкалыштырылган муздатуу – жогоруда аталган эки түрдөгү анпараттардын принциптери бирге иштетилет. Аба м. кургак ж-а буулуу болуп бөлүнөт. Муздатуу техникасында фарфор шакекчелүү муздаткыч кеңири таралган.