АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА МЕНЕН ЖЫПЫТУУ– ысытылган аба жиберип, имаратты жылытуу системасы. Ал кайра айлануучу (жылыткычка берилген аба жылытылып жаткан бөлмөнүн ичинен алынат) жана желдеткич менен биргелешкен (жылыткычка берилген абанын жарымы жылытылып жаткан имараттан, ал эми калганы сырттан алынат) жылыткыч болуп айырмаланат. Мындай системада абаны алмаштыруу табигый (темп-ралар айырмасынан жана аба тыгыздыгынан) же мажбурлоо менен (желдеткичтин жардамы менен) болушу мүмкүн. Ал борб. (бир агрегат бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жерг. (жыльггылуучу бөлмөгө коюлган) жылытып-желдеткич агрегаттар менен ишке ашырылат.