АБА МАССАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – атм-нын төмөнкү катмарында бир өңчөй жалпы касиетке ээ болуп, атм-лык циркуляция агымдарынын бири м-н жылып туруучу абанын чоң көлөмдөгү бөлүгү. Анын өлчөмү горизонталь б-ча океан же материктердин чоң бир бөлүгүндөй аянтты ээлеп, пайда болушу белгилүү бир аймак ж-a андагы аба ырайы м-н байланыштуу. Ар бир аба массасынын өзүнө гана мүнөздүү аба ырайынын режими болот. Алардын бир аймактан экинчисине оошуп турушунан аба ырайы өзгөрөт. А. м. геогр. зоналар б-ча арктикалык (антарктикалык), уюлдук (мелүүн), тропиктик, экватордук болуп бөлүнөт. Бул зоналардын ар биринде аба массасы деңиздик ж-a континенттик болуп өз‑өзүнчө ажыратылат. А. м. - климатология ж-а синоптикалык метеорол. илимдеринин негизги түшүнүктөрүнүн бири.